Малак курт каптаган токойлор биологиялык жол менен дарыланат
Новость KTRK/videograp

Жалал-Абад облусунун токойлорун малак курт каптады. 40 гектарга жакын токой аянттарынан зыянкечтерди жок кылуу аракеттери башталганын өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бактыбек Анаркулов билдирди. POST1RIGHT

Токойлорго буга чейин эле дарылар чачылган, бирок аба-ырайынын жаанчыл болуусунан улам дарылар күчүн жоготуп, курттарга таасир берген эмес. Маалыматтар боюнча, учурда Жалал-Абад шаарынын курорттук эс алуу багын жана Базар-Коргон районундагы мисте токойлорун малак курт басып турат. 

Токойду сактоо жана коргоо боюнча облустук борбор зыянкечтерди биологиялык жол менен дарылоо максатын көздөөдө. Бул багытта эки күндөн кийин 2 миңге жакын коңуздар токойлорго коё берилет. Малак курт менен тамактанган коңуздардын адамга зыяны жок. Калктуу конушка жакын жайгашкан мисте дарактарын химиялык жол менен дарылоого тыюу салынган.