Жети-Өгүз токой чарбасынын Кызыл-Суу, Жаргылчак токойчулуктарында мыйзамсыз токой кыюу көрүнүшү катталды. Жергиликтүү тургундун арызы боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө Кызыл-Суу токойчулугунун №3, №6 токой бөлүмчөлөрүндө 67.17 метр куб көлөмдөгү, Тянь-Шань карагайлары мыйзамсыз кыйылып кеткендиги аныкталган. Жаратылышка келтирген зыяндын өлчөмү 401 498 сом түздү.
Пландан тышкары текшерүүдө Жети-Өгүз токой чарбасынын Кызыл-Суу, Жаргылчак токойчулуктарында мамлекетке 489590 сом өлчөмүндө зыян келтирилгендиги аныкталды. Аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде инспекторлор тарабынан тиешелүү актылар түзүлүп, Кызыл-Суу токой бөлүмчөлөрүнүн токойчуларына административдик укук бузуу боюнча протокол түзүлдү. Ал эми Жети-Өгүз токой чарбасынын жетекчисине аныкталган кемчиликтерди жоюу жана бузууларды калыбына келтирүү боюнча жазма буйрук берилди.