Өкмөттүн Кумтөргө карата чечкиндүү кадамы колдоо табат
Новость KTRK/videograp

Өкмөттүн Кумтөргө карата иш-аракеттерин Жогорку Кеңеш колдойт. Бул туурасында эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов журналисттерге маек берген учурунда билдирди. Ал Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын экологиялык чыгымды төлөп берсин деп «Кумтөр Оперейтинг Компани" ишканасына каршы доо арыз менен кайрылганын туура деп эсептейт. 

Депутаттын айтымында, өкмөттү колдоо керек. Анткени өкмөт Кумтөргө карата чечкиндүү чараларды көрүп жатат. Буга чейин Кумтөр ири салык төлөөчү болуп, мындай маселелер көз жаздымда калып келген. "Өкмөттүн чечкиндүү кадамын бардыгы колдошу зарыл. Мамлекет инвесторлорго кысым көрсөтүп жатат дегенден алыс болушу талап. 

Эгер инвестор мыйзам бузса, ал башка юридикалык жактар сыяктуу эле жооп бериши керек. Мыйзам алдында бары бирдей. «Центерра» менен «Кумтөрдун» акыркы аракеттери биз аларга өтө жумшак мамиле кылып жатканыбызды көрсөттү",- деди Шыкмаматов. Эл өкүлү Мирлан Жээнчороевдин айтымында, экология маселеси өтө маанилүү. Муну өкмөт дагы белгилеп жатат. "Сотко арыз берилди, эми сот арыздын негиздүү же негизсиз экенин аныктайт. Каршы тараптар болсо, сотто пикирин билдирет",- деди Жээнчороев. 

Депутат бул маселе боюнча өкмөттү колдоо зарыл экенин баса белгиледи. Ал - эгерде канадалык компания мыйзам бузса, жооп бериши керек жана компания мыйзамдын чегинде иштеши зарыл деген пикирде. Эске салсак, Кумтөр ишканасында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында одоно мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы болжол менен 7 миллиард сомду түзгөн. Буга байланыштуу экотехинспекция Бишкек шаарынын райондук сотуна доо арыз менен кайрылган.