26-апрель күнү Чүй районундагы Бурана айыл Алга, Бурана айылдарында 30-40 мүнөткө созулган мөндүр жаап өттү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, табигый кырсыктын кесепетинен айдоо аянттары жабыркаган. Бүгүн окуя болгон жерге райондук Жарандык коргонуу комиссиясы барып тактоо жумуштарын башташат.
Талас облусунда жаан-чачындын кесепетинен “Күркүрөө” дарыясынын суунун деңгээли көтөрүлүп кетти. Жаратылыш кырсыгы Кара-Буура районундагы Көк-Сай айыл аймагында 26-апрелге караган түнкү саат 3 төрдө катталып, дарыядан ашкан суу райондук суу-чарба башкармалыгынын карамагындагы гидротехникалык курулманын тосмолорундагы көлөмү 900 метр куб болгон таштарды жууп кеткен. Турак жайларга жана үлүш жерлерине зыян келтирилген эмес. Учурда зыянга учураган жерлерди калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүүдө.
26-апрелдеги өлкө аймагында жааган нөшөрлүү жаан Баткен районунда Ак-Суу айыл аймагындагы Каракамар айылында 300 метр ички чарбалык жол, Андарак айылынын Ташан участкасынын 200 метр ички чарбалык жолду жабыркатты. Мындан сырткары, 2 турак жайдын короосуна кум, шагыл кирген. Ал эми Исфана шаарында Самат, Тайлан, Ак-Булак, Мырза-Патча, Бозогүл участкаларынын 1300 метр ички чарбалык жолдору кум, шагылга толгон. Жол каттамдары ачык.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун сууга чөгүп кетти делген бир тургунун издөө иштери улантылууда. аталган райондун Молдовановка айлынын 58 жаштагы тургуну Чоң-Чүй каналына чөгүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүшүп табышкан жок.
Г. Каражанова, “Биринчи радио”