Климат боюнча декабрь айында Парижде жетишилген келишимге Нью-Йоркто кол коюлду. Бириккен Улуттар Уюмунун баш кеңсесинде өткөн жыйынга 175 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Кыргызстан келишимге кол койгон мамлекеттердин катарында жок. Муну тиешелүү мекеме долбоордун өлкө ичиндеги процедуралары соңуна чыга электиги менен байланыштырды. Кол коюу жыл соңуна чейин ишке ашышы мүмкүн.
Былтыр 30-ноябрдан 12-декабрга чейин Парижде өткөн самитте 200дөй өлкө абанын дүйнөлүк температурасындагы орточо өсүштү 2 Цельсий градустан ашырбоого макулдашышкан эле. Келишимди бекемдөө үчүн Нью-Йоркто өткөн жыйынга 175 мамлекеттин расмий өкүлдөрү катышты. Кыргызстан алардын катарында жок, бирок, кол коюу жыл соңуна чейин ишке ашат.
Кол коюу аземинин алдында Бириккен Улуттар Уюмунунун тарыхында мурда кийин мынча мамлекет бир күндө келишимге кол койбогону, бул алгачкы көрүнүш экени белгиленди. Бирок, макулдашуулар кагазда калбай, аны аткаруу зарыл. Өз өлкөсүнүн атынан жыйынга чогулгандардын арасында президенттер да бар. Ошондой эле экология маселесине түйшөлгөн ар тармактын белгилүү инсандары чакырылган. Жаратылышты коргоодогу жарандык позициялары менен белгилүү болгон Голливуд актеру Леонардо Ди Каприо:
“Биз бири-бирибизди куттуктасак болот. Бирок, өз өлкөңүздөргө кайткандан кийин бул тарыхый келишимди аткарбасаңыздар куттуктоо эч нерсени өзгөртпөйт. Конкреттүү кадамдарды жасоого убакыт келип жетти. Узак мөөнөттүү изилдөөлөрдү жүргүзүп, ишканалардын баш-аламан иш алып баруусунун натыйжасында планетабыздын булганышына жол бербешибиз керек. Азыр бизди дүйнө жүзү карап турат. Кийин келечек муун каргайт же алкыш айтат”.
Париждеги саммитте президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан абага зыяндуу заттардын чыгуусун 30 пайызга чейин кыскартаарын белгилеген. Ал эми Нью-Йорктогу жыйында келишимге кол коюлбаган жагдайды тиешелүү мекеме ички процедуралардын соңуна чыга электиги менен байланыштырат. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой-чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Нурлан Жумаев баардык иштер жыл соңуна чейин жыйынтыкталарын айтууда.
POST1RIGHT Адистер абанын булганып, климаттын өзгөрүшүнө таасир эткен олутту дүйнөлүк фактор катары мунай өндүрүү, оор өнөр-жай тармактарын белгилешет. Бирок, Кыргызстанда аба-ырайынын булганышына алып келген көрүнүштөр айрым өлкөлөргө салыштырмалуу жогору эмес. Климаттын өзгөрүүсүнүн алдын алуу үчүн айрым экономикалык кызыкчылыктардан баш тартуу зарылбы деген да суроо жаралбай койбойт. Аманалиев заманбап технологияларды колдонуу буга ыңгайлуу жооп экенин кошумчалайт.
Кыргызстанда мөңгүлөрдүн жоголуп жатышына дал ушул климаттын өзгөрүүсү себеп экени белгиленип келет. Буга чейин “Кумтөр” маселесине байланыштуу түзүлгөн эксперттик комиссия көйгөйдүн жаралышына кен иштетүүдөн да дүйнөлүк тенденциянын таасири жогору болуп жатат деген корутунду чыгарган. Илимпоздордун баамында айыл-чарбадагы кургакчылык шарттаган түшүмсүздүк, энергетикадагы маселелер да дүйнө коомчулугу көңүл бурган глобалдык көйгөйдүн кесепети.
Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”