Тазалык үчүн күрөш
Новость KTRK/videograp

Баш калааны таштандыдан арылткан кызматкерлер күн сайын таң азандан туруп, шаарды акыр-чикирден арылтуу менен алектенет. Бирок алардын мээнетин баалап, баркын түшүнгөндөр сейрек. Тилекке каршы айрым адамдар өчөшкөнсүп үйүнөн чыккан таштандыларды атайын челекке салбай туш келди таштап баса берген көрүнүштөр учурайт.  POST1RIGHT

Көчө шыпырган айым Шахида Алимова 7 жылдан бери ордо калаанын тазалыгы менен алпурушуп келет. Ал шаар тургундары, анын ичинде бөтөнчө жаштар тазалык маданиятына кайдыгер карап, баскан турган жерин таштандыга толтуруп кеткенине нааразы.

Шахиданын жумушу эртең мененки саат алтыда башталат. Өзүнө бекитип берилген аймакты шыпырып, арыктарды тазалап чыгат. Түшкө дейре өз аймагындагы санитардык абалды көзөмөлдөмөй анын мойнунда. Дени-карды соо туруп, ыплас иштерди жасаган кишилердин кыймыл аракетине түшүнбөйт. Чак түш экенине карабай айрым адамдар каалаган жерине түкүрүнүп, кээ бири жөн баспай таштанды челекти аңтарып кеткен учурлар болгон. Арабызда бул кесипти аркалаган кызматкерлердин эмгегин баалабай койгондор да бар. 

“Үйдун терезесинен таштанды ыргытышат, салафандын баары жерде жатат. Биз болбосок, тазалабасак чирип кетет болчу баары. Туурабы”, - дейт муниципалдык кызматкер Гайбылда Шаимов. 

Бишкекте күн сайын таң азандан түшкө чейин көчө шыпырган 545 кызматкер иштейт. Шаар боюнча көчөдөн чогулган таштандыны 50-60 унаа ташыйт.
Ал эми чогулган таштандынын көлөмү бир күндө 500 тоннага чейин барат. 

Шахида күн сайын өз ишин аткаруудан талбайт. Бирок, шаардыктар айлана чөйрөсүнө өгөйлөбөй аяр мамиле жасаганды үйрөнүшсө, тазалык маданияты сакталат деген ишенимде.


У.Дыйканбаев Б. Шерманбетов,КТРК