Кыргызстанда ак илбирсти коргоо боюнча саммит өтөт
Новость internet

Ак илбирсти коргоо боюнча саммит келерки жылы Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Индияда өткөн Азия министрлеринин илбирсти коргоо боюнча 3-жыйынында маалымдалды. 

Бул жапайы жаныбардын дүйнөдө 7 миңге жакыны гана калган, демек ал жоголуу коркунучунда. Андыктан саны азайып бараткан жапайы жаныбарды коргоого дүйнөлүк деңгээлде көңүл бурулууда.  POST1RIGHT

Нью-Делидеги бул айбанаттар бакчасына келгендер сейрек кездешүүчү жаныбарлардын бир нече түрүн көрө алат. Жолборс, арстан, гепард, кабылан өңдүү жырткычтар мындан бир нече жыл мурун Индияны байырлап келген. Тилекке каршы гепард толугу менен жок кылынган. Демек жолборстор дагы тукум курут болуу коркунучуна кептелген.

1951-жылы Индия зоопаркында ак илбирс туулган. Керемет жаныбар өзүнүн өзгөчөлүү сырткы келбети менен башкалардан айырмаланат. Кара тактары бар аппак териси кимди болбосун суктандырат. Бенгал жолборсу өтө сейрек кездешүүчү жаныбар. 

Жолборс - индиялыктардын символу болуп эсептелет. Эркиндикти сүйгөн күчтүү жаныбар кылымдар бою эгемендик үчүн күрөшкөн индиялыктардын мүнөзүн чагылдырат. 1972-жылдан бери жолборс улуттук жаныбар катары таанылып келет.

Жолборсту коргоо боюнча Азия министрлеринин 3-жыйынына бул жаныбар байырлаган 12 мамлекеттин өкүлдөрү катышты. Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин айтымында 20-кылымдын башында Индияда 40 миң жолборс болгон. Тилекке каршы, аңчылыктын айнынан жаныбардын саны кескин кыскарган. Бул себептүү Индия жолборсторду коргоону колго алууда.

«Индия бул абалдан чыгуу максатында болгон аракетин жумшап жатат. Экологиялык программалар иштелип чыгып, жолборсту коргоо боюнча ар башка долбоорлор ишке ашып келет. 4 жыл ичинде Индияда жолборстун саны 500 гө көбөйдү. Айрым штаттарда жолборско аңчылык жүргүзгөндөргө каршы курал колдонууга уруксат берилген»,-деп Индиянын премьер-министри Нарендра Моди билдирди. 

Жолборстун териси, сөөгү жана ички органдары мыйзамсыз жол менен өтө кымбат баада сатылат. Мындан улам броконьерлерди токтотууга мүмкүн болбой келет. Бирок акыркы мезгилдеги атайын программалар жакшы жыйынтыгын берүүдө.

Кыргызстанда жолборс жок болсо дагы бийик тоолорду ак илбирс байырлап келет. Учурда алардын саны азайып отуруп, дүйнө жүзүндө 7000и калды. Мындан 10 жыл мурун, Кыргызстан ак илбирстин саны жагынан Кытайдан кийинки 2-орунда болсо, азыр 300 жаныбар калган. Мындан улам аны коргоо максатында Бишкекте дүйнөлүк саммит өткөнү турат.

«Биз баардыгыныздарды 2017-жылы мамлекет башчысы Алмазбек Аьамбаевдин жетекчилиги алдында өтө турган саммитке чакырабыз»,-деди Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Нурлан Жумаев.

Кыргызстандын бул демилгесин ак илбирс байырлаган дээрлик баардык өлкөлөр, ошондой эле эл аралык уюмдар колдоого алды. Ак илбирсти коргоо боюнча программанын жетекчиси Кыял Алыгулова 2 жыл ичинде бир топ иш жасалганын билдирди. Окумуштуулар ак илбирстин санын атайын фото-капкандардын жардамы менен көзөмөлгө алып, эми gps-навигатору бар каргылар колдонулмакчы.

Келерки жылы өтө турган дүйнөлүк саммитке катышуучулар чакырылды. Мамлекет башчыныны жетекчилиги алдында өтө турган жыйынга даярдык күч.