Президент Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги алдында ак илбирсти коргоо боюнча саммит келерки жылы Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Индияда өткөн Азия министрлеринин илбирсти коргоо боюнча 3-жыйынында маалымдалды.
POST1RIGHT
Бул жапайы жаныбардын дүйнөдө 7 миңге жакыны гана калган, демек аны жоготуу коркучуну бар. Ак илбирс көбүнчө Ооганстан, Бутан, Кытай, Индия жана Кыргызстандын тоолорун байырлайт.
Азыр биздин тоолордо жаныбардын 300гө жакыны калган. Эске салсак, жаратылышты коргоо иштерин жандандыруу максатында Президент Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги алдында 2013-жылдын 23-октябрында Дүйнөлүк форум өткөрүлгөн.
Бул дата Улуттук парламенттердин спикерлери, жаратылышты коргоого жооптуу министрлер тарабынан өз мамлекеттеринде Ак илбирсти коргоо күнү катары жарыяланган.