Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагындагы арча токойун массалык түрдө кыйган факты аныкталды. Баткен облусундагы Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин кызматкерлери браконьерлер тарабынан мамлекетке болжол менен 2 миллион сом зыян келтирилгенин айтууда.
Айылдан анча алыс эмес токойдон арча дарагы кыйылгандыгын жергиликтүү тургундар кабарлашкан. Адистердин айтымында арчалар жакынкы күндөрдө эле кесилген. Жалпысынан 40 түпкө жакын арча кыйылган. Азырынча жаратылышка зыян келтиргендер табыла элек.
Адистердин айтымында арчаны мончо же саунанын курулуш иштерина пайдаланышат. Буга чейин Баткен облусунун аймагынан мыйзамсыз арча дарагын кыйгандыгы үчүн Өзбекстандын жараны 6 жылга эркинен ажыратылган.