Ысык-Көл облусундагы токойлордун мыйзамсыз кыйылып жатышы тууралуу интернет колдонуучулар маселе көтөрүп чыгышкан. Талкууга далил катары кыйылган карагайлардын ордулары дагы көрсөтүлүп берилген.
Кийинчерээк интернеттеги талкууга облус жетекчиси Эмилбек Каптагаев дагы кошулуп, бул иштер боюнча тергөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирген. Андан сырткары Каптагаев бул мыйзамсыз аракеттерге токойчулардын өздөрүнүн дагы катыштыгы бар болушу мүмкүн деген пикирин айткан болчу.