Президент Алмазбек Атамбаев «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу кол койду.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 17-февралында кабыл алынган.
Максаты - КРнын ченемдик-укуктук актыларын Өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан инвентаризациялоо алкагында атмосфералык абаны коргоо жөнүндө мыйзамды өркүндөтүү болуп саналат.
Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.