Жалал-Абад облусунда жер көчтү
Новость http://mes.kg/

Жалал-Абад облусунда жер көчтү. Өзгөчө кырдаалдар  министрлигинин басма  сөз  кызматынан билдиришкендей, бүгүн, эртең мененки саат 8 ден 20 мүнөт өткөндө Жалал-Абад облусунун Кызы-Туу айыл аймагындагы Алмалуу жер көчкү түшкөн. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча көчкү  жогорку чыңалуудагы 4 электр мамычаларын авариялык абалга келтирген. Учурда  маалыматты жеринен тактоо үчүн жергиликтүү жарандык коргонуу комиссиясы жер көчкү түшкөн аймакка жөнөп кетти.