Аталган күнгө карата, 16-мартта Кыргыз улуттук агрардык университетинин аянтына 20 кедр сибирь карагайы отургузулду. Уюштуруучулар токойду тигүү иштери аркылуу болчок адистерге бул күндү таанытуу, табигатка карата жаштардын мамилесин өзгөтүү максатын көздөгөндүгүн айтышат.
Кедр сибирь карагайы Улуттук илимдер академиясынын Ак-Суу тажрыйба тилкесинен алынып келинди.
POST1RIGHT Белгилей кетсек, 21-март бүткүл дүйнөлүк токой күнү. Бул күн 1971-жылы Бириккен улуттар уюмунун башкы ассамблеясы тарабынан бекитилген. Кыргызстан аталган уюмдун мүчөсү жана жыл сайын 21-мартта өлкө аймагында токой тигүү иштери жүргүзүлүп, мындан сырткары бак-дарактардын касиеттери, токойдун бүгүнкү күндөгү көйгөйү тууралуу олуттуу маселелер коомчулукка маалымдалып турат.