Бир ай ичинде ордо калаа тазаланат деп мэр Албек Ибраев ишендирүүдө. Калаа жетекчиси учурда шаар тургундары жаңы мэрден оң өзгөрүүлөрдү күтүп жатканын айтып, "Тазалык" ишканасынын көйгөйү анчалык деле чоң маселе эмес экенин белгиледи.
"Борбор шаарыбыздын ээлеген аймагы өтө деле чоң эмес. Бирок, албетте, калааны бир күндө толук тазалап чыгуу дагы мүмкүн эмес. Анткен менен 1-2 жуманын аралыгында таштандыга байланышкан маселени толук чечебиз деп ишендире алам",- деди Албек Ибраимов.
Мэрдин айтымында көп иштер ал келгенге чейин эле аткарылган, учурда жаңы долбоорду ишке ашырып жатканын кошумчалады. Анын айтымында, майда, таштанды жыйнаган 100дөн ашык техника алып келинет.