Узак убакытка созулган жылуу аба ырайынан кийин абанын температурасы кескин өзгөрөт.
Айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет.
Ал эми 25-26-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында абанын температурасы -3 градуска чейин төмөндөйт.