Куралдуу Күчтөрдүн башкы штабынан артиллериялык топ Бишкек-Ош унаа жолундагы кар көчкү коркунучу туулган тилкелерге көчкүнү мажбурлап түшүрүү иштерине жөнөп кетишти. Карды аткылоо жумуштары аталган жолдун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында жүзөгө ашырылат. Маалыматтарга караганда, жол коопсуздугун камсыздоо жана адам өлүмүнө жол бербөө үчүн 3-марттан 9-мартка чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.