Маанилүү документтер электрондук форматка түшүрүлөт
Новость http://www.metronews.ru

Кыргызстандын  жарандары мындан ары катталган жеринен “дарек баракчасын” тапшырбастан туруп паспорт ала алат. Бул тууралуу  Мамлекеттик  каттоо кызматы билдирди. Учурда Республика боюнча “дарек баракчаларын”  электрондук форматка өткөрүү иштери жүрүп жатат жана быйыл апрелден баштап электрондук дарек баракчалары иштеп баштайт. Ошондой эле мекеме архивдик документтерди электрондук форматка өткөрүү максатында, бүгүн электрондоштуруу долбоорун донорлорго тааныштырды. Иш-чарага Иран, Жапония Орусия, Швейцария мамлекеттеринин элчиликтери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Икрамжан Касымов Жалал-Абаддын Ала-Бука районунан келген. Ал Бишкекте колледже окуган кызына паспорт алуу үчүн 2 жумадан бери документ топтоп жүрөт. Окуган жеринен жана даректик бюродон бир жуманын ичинде араң керектүү кагазды алган. “2 саатта паспорт” системасы бар экен, бирок 2 саатта бере койбойт го дейт  Касымов.

Эми паспорт алуу дагы жеңилдейт. Кыргызстандыктар мындар ары катталган жеринен “дарек баракчасын” тапшырбастан туруп паспорт ала алат. Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын адиси Айнура Темирова жарандарга ыңгайлуу шарт түзүлдү.  5 миллионго жакын “дарек баракчаларынын” учурда 3 миллионун электрондук форматка өткөрүлдү жана бул документтерди электрондоштуруунун үстүнөн 600дөн  ашуун оператор иштеп жатат.

“Дарек баракчаларынан” кийин орто мектептин  окуучуларынын  туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн, андан соң нике күбөлүктөрдү жана бир катар документтерди электрондук форматка түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Максат электрондук өкмөттү түзүү.

Мамлекеттик катоо кызматы ошондой эле, архивдик документтерди электрондук форматка өткөрүү аракетинде Иран, Жапония, Орусия, Швейцария мамлекеттеринин элчиликтери жана эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ал эми январь айынан баштап Бишкектеги бир катара калкты тейлөө борборлорунда "2 саатта паспорт алуу" жаңы кызматы ишке кирген. Бул аракеттер бир чети жарандарды тейлөөнүн ийкемдүүлүгү катары бааланса, ошол эле учурда эл аралык стандарттардын талабына шайкеш келтирүү болуп эсептелет.