Нарын дарыясына түшүп кеткен унаанын айдоочусунун жасаты табылды
Новость

Нарын районунун Эки-Нарын айылындагы Куюш көпүрөсү бузулуп, Нарын дарыясына түшүп кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусунун эки күндөн бери изделип жаткан жасаты табылды.

Нарын облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлашынча, бүгүн издөө иштеринин жүрүшүндө дайынсыз жоголгон айдоочунун сөөгү Ак-Кыя аймагынан табылып,  ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди. 

13-августта курулуш материал тартып бара жаткан унаа Нарын - Орук-Там жолунун 39-чакырымындагы Куюш көпүрөсүнөн өтүп бара жатканда көпүрө ортосунан сынып, унаа сууга түшүп кеткен.