Нарын районунун Эки-Нарын, Орук-Там жана Тамды-Суу айылдарынын эли үчүн Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ийри-Суу айылынын Коңур-Дөбө жайлоосу аркылуу убактылуу жол салынат. Бул тууралуу Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирип, учурда №8 Жол тейлөө мекемесинин төрт техникасы иштеп жатканын маалымдады.
Альтернативдүү жол салууга Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жергиликтүү тургундары дагы көмөктөшүүдө. Аткарылып жаткан иштерди район жетекчилиги жеринен көрүп, убактылуу жол куруу иштерин ыкчамдатууну жана жарандарга коопсуз болуусун эскертип, тиешелүү тапшырмаларды берди.
Ошондой эле убактылуу жол менен таңкы саат 07.00дон кечки саат 19.00го чейин каттоо боюнча акимдин буйругу чыгып, чектөө коюлат.
Эки-Нарын айылы район борборунан 47 чакырым алыс жайгашып, 783 калк жашайт. Орук-Там жана Тамды-Суу кыштагы район борборунан 80 чакырым алыс орун алып, 179 калк жашайт. Аталган айылдарды Нарын шаары менен байланыштырган жолдогу авариялык абалга кептелген көпүрө эки күн мурда бузулуп, андан өтүп бараткан оор жүк ташуучу унаа Нарын дарыясына түшүп кеткен.