Балыкчы–Барскоон унаа жолунун курулушуна 1000ден ашуун жумушчу тартылган
Новость

Балыкчы–Барскоон унаа жолунун курулушу 2021-жылдын жай айларында башталган. Аталган жол Ысык-Көл өрөөнүндө стратегиялык мааниге ээ болуп, түндүк тараптагы жол каттамын жеңилдетүү максатында курулууда. Учурда Каракол тарапка каттаган автоунаалар негизинен көлдүн түндүк жээгиндеги жолду колдонуп келет.

Жаңы жол экинчи техникалык категориядагы, төрт тилкелүү болуп, ортосунда коопсуздукту камсыздоочу бетон тосмолор менен жабдылмакчы. Жолдун жалпы туурасы 21 метрди түзөт. Азыркы тапта жолду кенейтүү жана түздөө иштери жүрүп жатат.

Жаанчыл аймак болгондуктан, курулуш долбоорунда 16 көпүрө каралган, анын ичинен 14 көпүрөдө иштер 80%га аткарылган. Жолдун жалпы узундугу 141 чакырым болуп, ал эки бөлүктөн турат: Балыкчыдан Тоң районунун Аксай аймагына чейин 71 км, ал эми Аксайдан Жети-Өгүз районунун Барскоон айылына чейин калган бөлүгү.

Курулуш иштерине 360тан ашуун техника жана 1000ден ашуун жумушчу тартылган. Ошондой эле, аймакта 5 асфальт, 8 таш талкалоочу жана 4 бетон чыгарган завод иштеп жатат. Асфальттын сапатын текшерүү үчүн атайын лаборатория да өз ишин жүргүзүүдө.