Нарын районунун Эки-Нарын айылындагы Куюш көпүрөсү бузулуп, Нарын дарыясына түшүп кеткен жүк ташуучу унаанын ээсин издөө иштери уланууда.
Ага Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан жана Ак-Талаа райондук бөлүмүнөн 55 куткаруучу, беш дрон, айыл өкмөттөрдөн 100 ыктыярчы, ички иштер органдарынан 43 кызматкер тартылды. Ыктыярчылардын сегизи атчан.
13-августта курулуш материал тартып бара жаткан унаа Нарын - Орук-Там жолунун 39-чакырымындагы Куюш көпүрөсүнөн өтүп бара жатканда көпүрө ортосунан бузулуп, унаа сууга түшүп кеткен.