Уюшкан кылмыштуу топтордун аракеттерине каршы аракеттенүүнүн алкагында, криминалдык түзүмдөрдү азайтуу жана жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан кылмыштуу иерархиянын төмөнкү эшелондорунун арасында кылмыштуулуктун жогорку деңгээли сакталып жатканын, анын ичинде «чөнтөкчүлөр» жана майда уурулук кылган адамдар аныкталганын бүгүн УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Буга байланыштуу УКМК Ички иштер органдары менен бирдикте Бишкектин базарларында көп жылдар бою чөнтөк уурулук кылып? кылмыштуу иш-аракеттерин жүргүзүп келген кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата иш-чараларды өткөрдү. Алардын басымдуу бөлүгүн идеологиялык жактан колдоп жана өлкөдөгү уюшкан кылмыштуу топтордун иштешине колдоо көрсөткөн жаштар түзөт.
Тактап айтканда, Бишкек шаарындагы ири базарларды көзөмөлдөгөн, мурда соттолгон, 1994-жылы, 9-декабрда туулган Э.Э.Э. аттуу кылмыштуу топтун башчысы тарабынан системалуу түрдө тоноо жана уурулук фактылары аныкталып, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары АМБ АБОдо каттоодо турган жана жаш муундар арасында кылмыштуу идеологияны активдүү колдоп, жайылтып жүргөнү такталды.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган кылмышка шектелип, кылмыштуу топтун башчысы Э.Э.Э. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Ошол эле учурда аталган кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүнө карата профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.