Бишкекте биринчи эко май куюучу жай ачылды. Ачылуу салтанатына “Газпром” Ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер жана вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев катышты. Ошондой эле, Алексей Миллер “Газпром Кыргызстандын” окуу борбору менен да таанышып чыкты.
Биринчи эко-май куюучу жай экономикалык жана экологиялык жактан да пайдалуу. Уналарды газ колдонууга өткөрүү - абага зыяндуу заттардын чыгуусун токтотот.
“Газпром Кыргызстандын” 4 автомобилдик газ топтомо компрессордук станциясынын ачылышы - газ өнөр жайынын өнүгүүсүнө баштапкы кадам болду. Азыр Бишкекте газ менен жүрүүчү 200 автобус бар. Бул эко-май куюучу жайда бир эле убакта 10 автоунаа май куя алат.
Алексей Миллер “Газпром Кыргызстандын” окуу борбору менен да таанышып чыкты. Бул жерде газ толтуруучу станциялардын операторлору окуудан өтүүдө. Учурда бул кесипке суроо-талап жогору жана башка бир да окуу жайда бул багыттагы адистер даярдалбайт. Бул жерде бир жылда 800дөй адисти даярдоого ылайыкталган.
2018-жылга чейин Пригородное айылында жана Кара-Балта шаарында 2018-жылга чейин Пригородное айылында жана Кара-Балта шаарында бардык заманбап технологиялык стандарттарга жооп берүүчү дагы эки май куюучу жайды оңоп-түзөө планы бар. Ал эми 2021-жылга республиканын түштү аймагында эки газ топтомо станцияларды куруу пландалып жатат.