Ак илбирстин тукуму жоголуп кетүү коркунучунда
Новость gov.kg

POST1RIGHT

Евразиянын тоолорунда гана кездешчү жапайы жаныбар- ак илбирстин тукуму жоголуп кетүү коркунучунда. Андыктан аны сактап калуу үчүң илбирс жердеген аймакка кирген 12 мамлекет тийиштүү чараларды иштеп чыгып, аны ишке ашырууга кызыкдар болушу керек.

Мында ушундай тапшырманы камтыган Бишкек декларациясы ак илбирсти коргоо боюнча Кыргызстанда өткөн эл аралык форумда кабыл алынды. Ага ылайык 12 өлкө илбирстин тукумун көбөйтүү, таза табияттын символу болгон жаныбарды даңазалоо боюнча иш аракеттерди жасоого милдеттенет. Теманы кабарчыбыз Калыгул Асамбаев улантат.