POST1RIGHT
Ак илбирсти жана ага жагымдуу шарттарды сактоого арналган эл аралык форум жыйынтыкталды. Чет өлкөлөрдөн келген 300дөн ашуун делегаттардын катышуусунда Бишкек декларациясы кабыл алынды. Ага ылайык жоголуп бара жаткан өзгөчө жаныбарды сактоо үчүн инвестиция тартылат. Форумга катышкан Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды жана дүйнө коомчулугун илбирстерге аяр мамиле кылууга чакырык жасады.
Чогулгандардын айрымдары илбирс байырлаган өлкөнүн бийлик өкүлдөрү болсо, эл аралык абройлуу уюмдардын адистери да бар. Бишкектеги эл аралык форумга катышууга келгендердин көптүгү жаратылышка байланыштуу көтөрүлгөн маселе өзгөчө көйгөй экенин, ага кайдыгер карабагандар аз эместигин да айгинелеп турат.
Жаратылыштын баалуу жандыгына жасалган аңчылык анын кескин азайышын шарттады. Он эки өлкөнү байырлайт деп айтылганы менен алардын ар биринде илбирсти сейрек гана көрүүгө мүмкүн. Алардын биротоло жоголуп кетишинин алдын алууга адам баласынан эми аз эмес аракет керек. Форумду өткөрүүнүн демилгечиси, президент Алмазбек Атамбаев ак илбирске аяр мамиле кылууга чакырык жасады.
Кыргызстан дүйнө коомчулугуна ак илбирсти жана анын экологиялык системасын сактоодогу аракеттери менен үлгү болууну максат кылууда. Бул багытта атайын программа өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки улуттук стратегиясына камтылат. Ошентип мамлекет жаратылыштын жоголуп бараткан байлыгын сактап калууга кам көрүүдө. Бирок, бул жалпы эл тарабынан колдоого алынышы керек. Элдин табиятка болгон мамилеси оң жакка өзгөрмөйүн максатты ишке ашыруу мүмкүн эмес. POST2LEFT
Кыргызстан өткөрүп жаткан эл аралык форумду бир катар абройлуу уюмдар колдоого алды. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш Бишкектеги маанилүү иш-чаранын катышуучуларына салам жолдоп, ак илбирсти сактап калуу үчүн салым кошууга чакырды. Көйгөй форумга катышкандардын ар бирин түйшөлтөт. Кыргызстанда ак илбирсти сактап калууга толук мүмкүнчүлүк бар. Аңчылык ак илбирстин азайышына терс таасирин тийгизген бир гана көрүнүш. Мындан сырткары климаттын өзгөрүшү да өзгөчө түйшүк жаратууда. Андыктан илбирс менен кошо анын экологиялык системасын да коргоо зарылчылыгы бекеринен жаралып жаткан жок.
Ак илбирсти жана анын экологиялык системаларын сактоого арналган форум Бишкекте мындан төрт жыл мурда да өткөрүлгөн. Кыргызстан коюлган максаттарды ишке ашырууда. Өлкөдө өзгөчө коргоого алынган аймактар түзүлгөн. Илбирстердин мекени болгон өлкөлөрдөн форумга жогорку кызмат адамдары келген. Көпчүлүгү жаратылышты коргоо мекемелеринин башчылары болсо, Ооганстандын атынан вице-президент Мохаммад Сарвар Даниш, Өзбекстандан парламенттин төрага орун басары Борий Алиханов катышты. Алар уюшулган форумга жогору баа берип, Бишкек декларациясын колдоду.