POST1RIGHT"Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоого арналган эл аралык форум жыйынтыкталууда. Форумда Бишкек декларациясы кабыл алынат.
Эске салсак, бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда форумдун расмий ачылышы болуп өттү. Ага катышуу үчүн Кыргызстанга илбирс аймактаган 12 өлкөнүн өкүлдөрү жана эл аралык жаратылышты коргоо уюмдарынын эксперттери келди. Форумда делегациялардын башчылары кечээ жактырылган "Ак илбирске жана тоолорго кам көрүү - биздин экологиялык келечек" аттуу Бишкек декларациясын кабыл алат.
Форумда президент Алмазбек Атамбаев чыгып сүйлөп, мындан сырткары, БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча Регионалдык Бюросунун директору Жихан Султаноглу жана башкалардын сөз сүйлөдү.