POST1RIGHTБишкекте ак илбирсти жана анын экологиялык системасын сактоо боюнча эл аралык форум өтүүдө. Ага ак илбирс байырлаган бардык өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ишкерлер чакырылган. Форумдун алкагында жоголуп бара жаткан жаныбарды коргоо боюнча декларация даярдалды. Документ эртең 25-августта кабыл алынаары күтүлүүдө.
“Декларацияда ак илбирсти сактоо жана көбөйтүү каралган. Ак илбирс жашаган аймактардагы ландшафттарды сактап калуу маселеси да бар. Фонд түзүп, каражат жыйноо жагы да жазылды. Быйылкы форум 2013-жылкыдан айырмаланат”,- деди Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов.