POST1RIGHTМыйзамсыз жапайы кушту кармагандар Мамэкотехинспекция жана ИИМдин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте аныкталды.
Жеринде куш тартылып алынып, инспекторлор тарабынан тийиштүү кагаздар толтурулду. Учурда аталган куштун кайсы канаттууга кирээрин аныктоо боюнча Улуттук илимдер академиясына атайын кат жиберилди. Инспекторлордун айтымында, кушту алып жүргөндөргө карата чаралар, куштун канаттуунун кайсы түрүнө киргендиги аныкталган соң мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.
Ал эми бүгүнкү күндө куш убактылуу НАБУ кайра калыптандыруучу жайына өткөрүлүп берилди.
Эске сала кетсек, кызыл китепке кирген канаттууларды кармоого тыюу салынат. Бул багытта Мамэкотехинспекция тийиштүү кызматтар менен биргеликте канаттууларды коргоо боюнча иштерди күчөтүп жатат. Андыктан кимде ким мыйзамсыз кызыл китепке кирген канаттууларды мыйзамсыз кармаса административдик чаралардан сырткары, кылмыш иши козголушу мүмкүн экендигин эскертет.