Бишкекте ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форум башталды
Новость

POST1RIGHTБишкекте ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча эл аралык форум башталды. Ага катышуу үчүн илбирс аймактаган 12 өлкөдөн делегаттар келди. 

POST2LEFTФорумдун алкагында экологиялык долбоорлорго ресурстарды мобилдештирүү үчүн жашыл өнүгүү жана инвестициялар боюнча жогорку деңгээлде сессия өтөөрү белгиленди. Форум өнөр жай тармагына Азия континентинин тоолорундагы илбирсти сактап калууга жана туруктуу өнүгүүгө каражаттарды инвестиция кылууга жол ачкан конструктивдик механизмдерди сунуштары болжолдонууда. 

Эске салсак, илбирсти сактоо боюнча алгачкы эл аралык форум 2013-жылы өткөн. Анда жапайы жаныбарды коргоо боюнча Бишкек декларациясы кабыл алынып, тоолордун сыймыгын сактап калуу боюнча комплекстүү глобалдык программа жактырылган.