Ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форумду өткөрүүгө даярдык көрүлүүдө. Иш-чарага үч жүздөн ашуун чет элдик меймандар келээри күтүлүп жатат. Учурда алардын айрымдары Бишкекте. Жоголуп бара жаткан жаныбарды коргоо багытында иш алып барган адистер менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү көйгөйдү жоюнун жолдорун талкуулашат.
Илбирстин саны азайганы азайган. Аны коруктардан, атайын уюшулган жайлардан да сейрек көрүүгө болот. Бирок, илбирсти корукта багып, көбөйтүү маселени чечпейт. Жоголуп бара жаткан жаныбарды сактоого дүйнө жүзү көңүл бурушу керек. Жаратылышты коргоого, жаныбарлардын ар түрдүүлүгүн арттырууга чакырык жасаган ишмерлердин назары Бишкекте. Алар форумда көйгөйдү жоюнун жолдору табылат деп үмүт кылышат. Иш-чарага катышуу үчүн делегаттардын айрымдары келе баштады. POST1RIGHT
Илбирсти сактоо боюнча эл аралык форум Бишкекте экинчи ирет уюштурулууда. Демилге президент Алмазбек Атамбаевге таандык. Буга чейин форум 2013-жылы өткөрүлгөн. Илбирс Борбор Азия менен Түштүк Азиянын тоолорунда байырлайт. Кыргызстанда соңку жылдары аны сактап, көбөйтүүгө аракет көрүлүүдө. Форумду утурлап илбирске аңчылык кылгандарга айып пул жогорулады.
Дүйнө жүзүндө болжол менен 5 миңге жакын илбирс бар экени айтылган. Алардын 300дөйү Кыргызстанда. Жаратылышты коргоо жаатындагы адистер илбирстерди сактап калуу үчүн алар тамактанган жандыктарга да аңчылык кылууга тыюу салуу керектигин айтып келишет.