Суусамыр өрөөнүнө ак илбирстин айкели коюлду
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Илбирсти коргоо боюнча саммитти өткөрүүгө даярдык кызуу жүрүүдө. Бул иш-чаранын алкагында Суусамыр өрөөнүнө илбирстин элеси коюлду. Тагыраак айтканда, Ош-Бишкек жолунун Суусамырдагы тилкесине эки баласын ээрчиткен тоо жаныбарынын айкели коюлду. Эки баласын ээрчиткен илбирстин элеси. Эми бул айкел Суусамырдын көркүнө көрк кошот. Болгондо да ары өткөн, бери өткөндөрдүн көзүнө дароо көрүнгөн жерге коюлду. 

Анан да илбирстин элеси Суусамырга жөн жерден коюлган жок. Адистердин айтымында, Суусамыр бийик тоолуу болгондуктан, өрөөндө илбирс бар. Бирок саны канча экени белгисиз. Болжолдуу түрдө онго жакын болушу ыктымал. Азырынча аймактагы тоолорго фотокапкандар коюла элек. Жергиликтүү тургундар жакында эле өрөөндөн 2-3 илбирс көргөндөрүн айтууда. Кыргызстанда болгону 300 айланасында гана илбирс бар. Анын да терисине кызыгып, атканга белсенгендер көп. 

Мына ушул илбирстер Ысык-Көлдөгү жаныбарларды калыбына келтирүү борборуна 17-18 жыл мурда алып келишкен. Болгондо да бир жашка толо элек кези болчу. Буларды дагы аңчылар кармап, чет өлкөгө жиберип жаткан кезинде кармалган.

Адистердин айтымында, борбордогу илбирстер карып калды. Бирөөсүнүн кулагы жакшы укпай, көзү начарлап калды. Мындан улам, буларды азыр борбордогулар этти майдалап берип, баладай эле багууда.