3-март жапайы жаратылышты коргоонүн дүйнөлүк күнү
Новость http://dreempics.com

3-март жапайы-жаратылышты коргоонүн дүйнөлүк күнү. Бул күнү жаратылыш коргоочулары жапайы жаныбарларга аңчылык токтобой жаткандыктан Кыргызстандын аймагын байырлаган Кызыл китепке катталган жейрен, тоо теке, марал, сүлөөсүн жана башка бир топ сейрек жапайы жаныбарлар тукум курут болуп кетиши ыктымал деп тынчсызданып келишет. Ошондой эле Кыргыз тоолорун мекендеген ак илбирсти сактоо иштери акыркы жылдары коомчулук тарабынан колго алынып, бир катар иш-чаралар өткөрүлгөн. Деген менен жаратылышты коргоо жаатында бир катар маселелер чечилбей келет.