Кыргызстанда ак илбирсти сактоо боюнча экинчи эл аралык форум өтөт
Новость

POST1RIGHTАвгуст айынын соңунда Кыргызстанда илбирсти сактоо боюнча экинчи эл аралык форум өткөрүлөт. Ага илбирс жердеген мамлекеттердин өкмөт өкүлдөрү, жаныбардын бул түрүн сактоо боюнча адистер, серепчилер катышмакчы. Уюштуруучулар белгилегендей, иш-чаранын максаты илбирсти сактоого багытталган иш аракеттерди бекемдөө жана 2020-жылга карата жыйырмадан ашык ландшафтты түзүп берүү боюнча эл аралык планды активдештирүү болуп саналат.

POST2LEFTЭкология тармагынын адистери Кыргызстанда илбирстин тукуму жоголуп кетүү коркунучунда деп мындан 4-5 жыл мурун коңгуроо кагышкан. Бул жаныбардын көпчүлүгүн мыйзамсыз аңчылар атып жок кылышты. Адистердин айтымында, эгемендик жылдарынан бери Кыргызстанда илбирстин саны үч эседен ашыгыраак азайып кетти. 

Илбирс байырлаган мамлекеттердин бардыгында аны сактап калалы, коргойлу деген демилгеси менен эң биринчилерден болуп Кыргызстан чыккан. Ак илбирстин тукуму Гималай менен Тибет тоолоруна чектеш жайгашкан он эки өлкөдө кездешет. Алардын катарына Кытай, Бутан, Непал, Индия, Пакистан, ошондой эле Монголия, Тажикстан жана Россия кирет. Мындан төрт жыл мурун өткөрүлгөн форумда - жаныбардын бул түрүн кантип коргоп жана көбөйтүү керек деген маселе талкууга алынган.

Мына ушул илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча өтө турган эл аралык форумга карата Бишкекте Тышкы иштер министрлиги жана жаратылышты коргоо мекемелери катышкан жыйын болду. Мында форумдун күн тартиби жана жыйынтыктоочу декларациясы талкууланды. Талкууга Афганистан, Кытай, Индия, Казакстан, Моңголия, Непал, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген өкүлдөр катышты.