Раппопорт аллеясын сактап калуу үчүн премьер-министр Темир Сариев Тамчы-Корумду унаа жолун кеңейтүүнүн башка жолун карап көрүүнү тапшырды. Өкмөт жетекчи жолдун жээгиндеги бактарды колдон келишинче көбүүрөк сактап калуу керектигин белгилейт.
Азыркы тапта бул маселенин үстүндө эксперттик топ иштеп жатат. Аларга Тамчы-Корумду жолун кеңейтүүнүн башкача жолун издеп табуу тапшырмасы берилди.