Ысык-Көлгө аяр мамиле кылууга чакырган "Таза жээк" акциясы өттү
Новость

POST1RIGHT

Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылынын жаштары демилге көтөрүп, "Таза жээк" акциясын уюштурду. Акциянын алкагында айылдагы пансионаттардын аймагындагы таштандыларды чыгарышканын "Тору-Айгыр жаштары" коомдук бирикмесинин жетекчиси Чыңгыз Казиев билдирди. 

Анын айтымында, иш-чараны уюштурууга каражатты жергиликтүү активдүү жаштар өз чөнтөгүнөн чыгарышкан. Алар көл жээгине таштанды ыргытпоого чакырган баннерлерди илип, таштандыларды гана чыгарбастан, эс алууга келгендерге жана жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. 

"Тору-Айгыр жаштары" коомдук бирикмесинин жаштары жергиликтүү элди жана меймандарды көлгө жана аны курчап турган айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга чакырат.