“Арча демилгеси” коомдук фонду Бишкек шаарындагы ботаникалык бакты өнүктүрүүгө жардам берет. Бул тууралуу аталган фонддун өкүлдөрү 1-мартта маалымат жыйында билдиришти. 2017-жылга чейин бакты сугаруу иштери бүткөрүлөт. Улуттук илимдер академиясына караштуу Енвер Гареев атындагы ботаникалык бак Бишкек шаарынын таза экологиясы менен шаардагы маданий борбор жана ден соолукту чыңдоочу жайга айланышы керек дешет алар. Белгилей кетсек, 27-февраль күнү өкмөт башчы Темир Сариев бактын абалы менен жакындан таанышып, кыска мөөнөттүн ичинде ботаникалык бакты өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу тапшырмасын өкмөт мүчөлөрүнө берген.
Енвер Гарееев атындагы ботаникалык бак 1938-жылы негизделип, учурдагы аянты 150 гектар. мында 5500 дөн ашык өсүмдүктөрдүн түрлөрү бар жана ал өзгөчө корголуучу аймак статусуна ээ. Маалыматтарга караганда, негизинен бул жайга башка өлкөлөрдө өскөн түрдүү өсүмдүктөрдүн, гүлдөрдүн, дары чөптөрдүн түрлөрүн алып келип өстүрүлөт.