"Төө-Ашуу" ашуусунда тазалыкка үндөгөн акция өттү
Новость

POST1RIGHT

Коомчулукту тазалыкка үндөгөн, таштандыны ар кайда таштабоого, эгер жерде жатсе аны алып коюуга үндөгөн акция "Төө-Ашуу" ашуусунда өттү. Демилге "Төө-Ашуу ашуусундагы" Кыргыз-Швейцариялык илимий изилдөө борборунун адистери жана ыктыярчылары тарабынан көтөрүлгөн.

Ар бир жаран өмүрүндө жок дегенде бир жолу тоо койнуна барып, жаратылыштын кооздугуна суктанып, таза абадан кере кере дем алган. Тилекке каршы дээрлик көпчүлүк эс алуучулар табиятка аяр мамиле жасоонун ордуна, тескерисинче аны булгап кеткени өөн учурабай калды дешет ыртыярчылар. Маселен Төө-Ашууда да кайда барба илээшкен желим баштык менен бөтөлкөлөр, консерванын калайлары жана ар кандай татуулардын кагаздарын кездештирүүгө болот. Мындай баш аламан таштандыны ыргытуу улана берсе, тоолордун ордун додо болгон таштандылар басып калуусу ыктымал дешет жаратылышты коргоочулар. 

Экологияны коргоого арналган демилге жыл сайын өткөрүлүп келет. Ага карабай, тоо койнунан жылына 10 тоннага жакын таштанды чыгарылат. Кыргыз-Швейцария илимий изилдөө борборунун адистери, зээнди кейиткен көрүнүш менен бирдикте күрөшүүгө кол сунат. Анткени, эс алуучунун эсинде таштанды калдыктары эмес, жаратылыш менен жуурулушкан жагымдуу сезимдер калууга тийиш.