"Тазалык" кызматкерлеринин эмгеги баалоого татыктуу
Новость

POST1RIGHT

Фейсбук социалдык тармагында "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жумушчуларынын эмгегин баалоо тууралуу акция 3-июлдан бери жүрүп жатат. 

"Эмгек үчүн рахмат" деген акцияны аталган мекеме уюштурган жана анын Фейсбуктагы расмий баракчасына интернет колдонуучулар короо шыпыргыч, жүк ташыгыч, таштанды тазалоочу жана көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштери менен алектенген жумушчулардын эмгегине жылуу пикирлерин жазып жатышат. Аларга жетиштүү эмгек акы төлөнүшү керек дегендер да бар. 

"Тазалык" муниципалдык ишканасы Бишкек мэриясына карайт. Ага шаарды тазалоо, жолбун ит-мышыктарды жок кылуу, таштанды чыгаруу милдети жүктөлгөн. Ишканада 1200дөн ашык киши иштейт.