Ысык-Көлдө таза суу көйгөйү чечилип, саркынды суулар тазаланууда
Новость

POST1RIGHT

Ысык-Көл облусунда Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү долбоорунун биринчи фазасы аяктады. Анын алкагында Балыкчы, Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында ичүүчү таза суу скважиналарын салуу, реабилитациядан өткөрүү жана саркынды сууларды тазалоочу жайга жеткирүүчү насосттук станцияларды салуу каралган. Учурда биринчи фазада белгиленген жумуштар толугу менен аяктады. Ага ылайык Балыкчы шаарында жетимиш беш миң калкка ылайыкталган жаңы насосттук станция ишке кирди. Мындан сырткары, шаардын жаңы конушун таза суу камсыздай турган бир скважина жаңы салынып, төрт скважина капиталдык ремонттон өттү.

"Саркынды суу тазалоочу жайынын насостук станциясы аябай жакшы иштеп жатат. Бир жылдык текшерүү мөөнөтү жакшы өттү. Азыр эки, эки жарым миң куб саркынды сууларды жети чакырым алыстыка жеткирип берип жатат. Бул жерде төрт насос коюлган. Автоматтык режимде иштейт. Баардыгы заманбап техника менен жабдылган",- деп билдирди Балыкчы суу чарба муниципалдык ишканасынын башчысы Таалайбек Мамбеталиев.

Дагы бир скважина Чолпон-Ата шаарында жаңы салынып, калган алты скважинада реабилитациялык иштер жүргүзүлдү. Ал эми Каракол шаарында болсо беш миң куб суу топтоочу жай ишке берилүү алдында турат. Себеби, жайкы учурда шаарда таза суу тартыштыгы жаралчу. Муну менен шаардагы таза суу көйгөйүн жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Долбоордун алкагында Балыкчы, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларындагы мектептердин ажатканалары, таза суу куурлары кайра салынды. 

Долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда. Биринчи фаза ийгиликтүү аяктаса экинчисин 2018-жылы баштоо пландалып жатат. Анда Ысык-Көлдөгү үч чоң шаардын саркынды сууларды тазалоочу жайларын заманбап технология менен салуу каралган.

"Скважиналардын баардыгы заманбап технологиялар менен менен жабдылган. Мындан сырткары, бактерацидный система менен элге таза суу тазаланып берилет. Таза суу болсо 116 метр тереңдиктен чыгат. Сууну казгандан кийин толук текшерүүчү органдардын кароосунан өтүп, алар берген талаптар, өзгөрүүлөр аткарылгандан кийин гана элге берип жатабыз",- деди Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү долбоорунун жетекчиси Сапарбек Өмүракунов.