POST1RIGHT
Ысык-Көлдүн экологиясын таза сактоо жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында көл жээгиндеги парк-пляждык тилкеге автоунаа менен кирүүгө, мал жаюуга мыйзам менен тыюу салынды. Бул ченемдерди жөнгө салган мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
Мыйзам көл жээгиндеги жер тилкелерин ижарага берүүнүн тартибин тактоого багытталган жана ижарачылар менен жер ээлеринин көлдүн тазалыгын таза сактоо боюнча милдеттенмелерин көбөйтөт. Экологдор буга чейин өкмөттүн токтому менен көл жээгине унаа айдап кирген жарандарга айып пул салынып, бирок айып пулдун көлөмү аз болгондуктан мыйзамсыз аракеттерди токтотуу кыйын болгондугун айтышат.
Эми мыйзамдын чегинде эреже бузгандар жоопко тартыла турган болушту деп кубатташса, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ижарачылар милдетин аткарууга мезгил жеткендигин белгилешет.
Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"