Ысык-Көлдөгү пансионаттар быйылкы эс алуу убагына карата даярдыгын 20-июнда аяктайт. Ага чейин атайын кызматтар алардын даярдыктарына, саркынды сууларды тазалоочу жайларына көзөмөлдү жүргүзүүнү уланта берет. Эске сала кетсек, былтыркы жылы ондон ашык пансионаттар эс алуучу кабыл алууга тыйуу салынган. Себеби саркынды сууларды тазалоочу жайлары талапка ылайык келген эмес. POST1RIGHT
Белгилей кетсек былтыркы жылы башка жагдайлары эс алуучуларга туура келсе да дал ушул саркынды суу тазалоочу жайларынын талапка ылайык келбегинен ондон ашык пансионат иштөө укугунан ажыратылган. Быйылкы жылы кандай болот, азырынча адистер текшерүү иштерин жүргүзүп чыгып анан аныкташат.
Көл жээгиндеги атракциондор, кызмат көрсөтүүчү жайларды адистердин текшерип жатышат. Экологдордун айтымында көлгө эң зыянын тийгизип жаткан бул суу скутерлери. Бул техникалар кайыктарга караганда зыяндуулугу көбүрөөк. Ысык-Көл облусунда азыр жыйырма бир скутер каттоодо турат. Дагы жыйырмага жакыны башка аймактардан келет. Экологдор аларга кандай чара колдонууну билбей турушат. Себеби аларды колдонууга тыюу сала алышпайт.