POST1RIGHT
“Жашыл курулуш” ишканасынын кызматкерлери азыркы Токтоналиев, мурдагы Душанбинский көчөсүндөгү бактарды кыюуга киришти, анын себеби Токтоналиев көчөсү кеңейтилип, эки тилкелүү жолдун ордуна төрт тилкелүү жол салынат.
Мындай кадамдар шаардын жолдорун ашыкча тыгындардан арылтуу үчүн жасалууда. Бирок, шаар тургундарынын арасында мындай чечимге каршы чыгып, бак-даракты кыюуга тоскоол болгондор болду. Аларга укук коргоо органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, баш ийбей тоскоолдукту уланткандарын милиция бөлүмдөрүнө жеткиришти.
Эскерте кетсек, "Жашыл курулуш" ишканасынын 143 бакты кыюуга уруксаты бар.