Сокулук районундагы талапка жооп бербеген таштанды жай
Новость

POST1RIGHT

Сокулук районунун Крупская айыл аймагындагы 6 гектар жерди ээлеген таштанды жана саркынды топтоочу жайлар мыйзамсыз иштеп жатат. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын инспектору Шырдакбек Жусупбеков билдирди. 

Таштанды жайынын колдонуу мөөнөтү 3 жыл мурда эле бүткөн. Инспекторлор жергиликтүү бийликке таштанды жайын жабуу тууралуу эскертүүлөрдү, айыптарды салып келгенине карабай,таштанды таштоочу жай мыйзамсыз иштеп келүүдө. Адистер айып пул төлөп жаткан тарап таштанды таштоочу жайга жаңы жер бөлүнбөгөндүктөн, ушул көрүнүшкө чекит коюлбай жатканын айтышат.