Ыктыярчылар Ысык-Көлдүн жээгин тазалайт
Новость

Миңден ашуун ыктыярчылар "Таза Ысык-Көл" акциясынын алкагында экологиялык ири иш-чарага катышып, көлдүн жээгин тазалайт. 

Акциянын салтанаттуу ачылышы 27-майда Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында жана Бөкөнбаев айылында болот. Миңден ашык активисттер айыл, шаарларды жана жээкти таштандылардан тазалайт. "Таза Ысык-Көл" долбоорунун алкагында 5-майда өткөн акцияда 5 тонна таштанды чогулган.