Ак илбирсти сактоо боюнча дүйнөлүк форум өтөт
Новость www.

2017-жылдын 24-25-август күндөрү Кыргызстанда ак илбирсти сактоо боюнча 2-Дүйнөлүк форум өтөт. Ал эми 1-форум болсо 2013-жылы өтүп, анда ак илбирсти коргоо боюнча Бишкек декларациясы кабыл алынган. Кыргыз өкмөтү бул жаныбарга аңчылык кылгандарга жазаны катаалдаштырып, айып пулдун өлчөмүн дагы бир топ жогорулатты. Эми ак илбирске аңчылык кылгандар 1 жарым миллион сом айып пул төлөйт. 

MEDIA1RIGHT

Деңиз деңгээлинен 3000-4000 метр бийиктикте жашаган ак илбирс Ысык-Көл облусунун аймагында көп деп болжолдонот. Илбирстерге жем болуучу жаныбарлардын азайганы менен климаттын өзгөрүп баратканы, жырткыч жаныбардын баалуу териси үчүн өлтүрүү - алардын санынын кыскарышына себеп болууда.

“Азыр атайын коцепция иштеп чыгып жатабыз. Бул концепцияда бул жаныбарды коргоо боюнча бардык чаралар каралат”,- деди КРдин Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов.  

Ак илбирсти коргоо боюнча мамлекет жапа тырмак ишке киришип, бул жаныбар байырлаган аймактардагы фото капкандар катуу көзөмөлгө алынды. Ак илбирстин тукумун сактап калуу максатында алгачкы форум 2013-жылы Бишкекте өтүп, анда Бишкек декларациясы кабыл алынган. Форумга 12 өлкө катышкан.