Көл жээгиндеги пансионаттар эми өз аймагына таандык Ысык-Көлдүн түбүндөгү таштандыларды милдеттүү түрдө алып чыгат. Мындай милдеттемени Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция - чарбалык жайлардын ушул жылдагы планына кошо бекитти.
Андан сырткары, мекемеден билдиргендей пансионаттар ыплас сууларды тазалоочу курулуштар жана канализациялык тармак менен сөзсүз түрдө камсыздалышы керек. Алар өздөрүнүн насостук станциясы менен канализациялык системасын да ылай суулардан тазалап турушу зарыл. Аймагына керектүү сандагы таштанды челектерин орнотуу туурасында да өзүнчө пункт менен белгиленген.