POST1RIGHT
Өлкөнүн түштүк регионунда жаан-чачын жаашы күтүлүүдө. Ал эми түндүк аймактарындагы дыйканчылык өрөөнүндө майдын экинчи он күндүгүндө абанын температурасы 27 градуска чейин жетиши мүмкүн.
Адистер бүгүнкү күндө күндүн жылышы, жаан-чачындын арбын жаашы өзгөчө Ош,Жалал-Абад облустарында жер көчкү менен суу ташкындарынын санын арбытышы мүмкүндүгүн эскертишет.
Маалыматтарга караганда, азыркы тапта жалпы республика боюнча 4660 табигый жана техногендик процесс бар, анын ичинен эң коркунучутуусу бул- жер көчкүсү болуп саналат.
Андай табигый кырсык каттала турган 1109 кооптуу жерде 600 калктуу пункт жайгашкан.
Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"