Токойлору жоголуп кетүү коркунучуна кептелген Ак-Талаа районунда жаратылышты сактап калууну көздөгөн иш-чаралар жанданды. Бул максатта чет өлкөлүк экологиялык уюмдар менен кызматташуулар жүрүп, алардын алгачкы натыйжалары жаман эмес.
Германиялык өнөктөштөрдүн үч жарым миллион сомдук грантына 300 гектар жерге ар кандай көчөт олтургузулуп, айланасы тосулду. Мындан сырткары, токойчулар үйү капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Ошону менен бирге эле жергиликтүү токойчулар да четте калбай, табияттын ар кандай өзгөрүүлөрүнөн улам катаклизмге учураган чөлкөмдөрдү калыбына келтирүү чараларын көрүшүүдө.
Өткөн жылы 28 гектар токой массивинде жашылдандыруу жумуштары аткарылган. Ак-Талаа токой чарбасындагылардын мындай аракеттери эл аралык донорлордун көңүлүн буруп, дагы арбын инвестициянын тартылаары күтүлүүдө.
"Азыркы тапта 20 гектар жерге жетип калды. Ак- Талаанын шартында жийде, кара бак, тал, терек өсөт. Ошолорду олтургузуп жатабыз. Азыр өзүбүзгө таандык 47 миң көчөтүбүз бар",- деди Ак-Талаа токой чарбасынын башчысы Бактыбек Эсенгулов.