Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы 3 айылга эки миңге жакын бак-дарактын көчөттөрү отургузулду. Бул айылдар тоого жакын жайгашкандыктан, жер көчкү жүрүү коркунучу бар. Мындан улам, жергиликтүү тургундардын кайрылуусу менен бул долбоор ишке ашууда.
POST1RIGHT
Адистердин айтуусунда, бак-дарактарды отургузуу менен жерди бекемдөөгө шарт түзулөт. Мындан сырткары, негизги жол каттамдардын жээктери толугу менен таштандылардан арылды. Ал эми жакын арада жер айдоо иштери башталат. Бул багытта айыл элинин күчү менен беш чакырымдан ашык суу каналдары жана ички арыктар тазаланып, кеңейтилди.
"Ушул көчөдө эки жүздөн ашык тургундар бар. Биз тоонун түбүндө тургандыктан, жамгыр жааганда коркунуч пайда болот. Себеби, топурак жылып коркунуч бар. Убагында кайрылдык эле. Азыр жергиликтүү жетекчилер, өзүлөрү баштап келип, ишенбилик кылып, каражатын бөлүп беришти",- деди
Челпек айылынын тургуну Кубаныч Текебаев.