POST1RIGHT
Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата токой чарбасы аймакта токой аянттарын кеңейтүү демилгесин колго алышты. Анткени, мындай ыкма жер кыртышынын бузулушун сактайт. Экинчиден жер көчкү өңдүү табийгаттын кырсыктарынын алдын алууга өбөлгө түзөт. Үчүнчүдөн экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга шарт жаратат.
Токой чарба адистери республика аймагында 117 өзгөчө кооптуу аймактар катталган. Ошондуктан ал жерлерге программада белгиленгенден эрте көчөт олтургузуу иштери колго алына турганын белгилешет.
Кадыр Калилов, "Биринчи радио"